• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстанда жумушсуздардын саны 154 миңден ашык адамды түзөт

Коом 0

Бишкек, 28.11.19. /Кабар/. Кыргызстанда жумушсуздардын саны 154 миңден ашык адамды түзөт. Бул тууралуу "Кабар" агенттигинде өткөн маалымат жыйынында Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри Улукбек Кочкоров билдирди.

Анын айтуусунда, ведомстводо 100 миң адам жумушсуз деп катталган.

"Жыл сайын бул жарандарды ашпозчу, чач тарач сыяктуу кесиптерге үйрөтүүгө 90 миллион сомдой акча бөлүнөт. Ошондой эле жумушсуз жарандарды коомго пайда алып келүүчү жумуштарга тартабыз", - деди министр.

Кочкоров белгилегендей, учурда www.zanyatost.kg порталы ишке кирди. Ал жерден каалоочулар ар кандай окутуу программаларынан өтө алышат.

Пикир

Оставить комментарий