• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстанда жыл башынан бери 36 млрд сомдук айыл чарба продукциясы өндүрүлдү

Экономика 0

Бишкек, 11.04.23. /Кабар/. 2023-жылдын январь-март айларында айыл, токой жана балык чарбаларынын дүң продукциясы 36 млрд сомдон ашыкты түздү. Бул тууралуу брифингде Улуттук статистикалык комитеттин төрагасынын орун басары Зайнидин Жумалиев билдирди.

Анын айтымында, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу өсүү темпи 1,9% түздү.

"Мындай көрсөткүч мал чарба продукциясынын өсүшүнүн эсебинен камсыз болду", - деп кошумчалады ал.

Пикир

Оставить комментарий