• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстанда жыл башынан бери 49 соцобъектинин курулуш жана оңдоо иштери бүткөрүлдү

Коом 0

Бишкек, 24.09.21. /Кабар/. Кыргызстанда 2021-жылдын башынан тарта 49 социалдык объектинин курулуш жана капиталдык оңдоо иштери бүткөрүлдү. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, анын ичинен 39 объект курулса, 10 объектке капиталдык оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлгөн.

Белгилей кетсек, аталган объектилер ар кандай каржылоо булактарынын эсебинен жүргүзүлгѳн. Алардын 43 объекттиси республикалык бюджеттин эсебинен, 4 объект Сауд өнүктүрүү фондунун насыялык каржаттарынан жана 2 объект – “Региондорду өнүктүрүү боюнча социалдык өнөктөштүк” коомдук фонддун каражаттарынан каржыланды.

Чүй облусу жана Бишкек шаарында 5 объект, Баткен облусу боюнча 9 объект, Жалал-Абад облусу боюнча 7 объект, Ысык-Көл облусу боюнча 5 объект, Нарын облусу боюнча 4 объект, Ош облусу боюнча 18 объект жана Талас облусу боюнча 1 объект бүткөрүлдү.

Тармактар боюнча айтсак, 23 мектеп (14 мектеп толугу менен, 8 окуу корпусу, 1 спорттук зал), 7 бала бакча, 8 саламаттык сактоо объекттери, 4 маданият тармагындагы объекттер, 2 ичүүчү суу менен камсыздоо объекттери жана 5 башка объекттер.

Пикир

Оставить комментарий