• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Кыргызстанда жылына өндүрүштө иштеген 200гө жакын адам майып болуп калат

Коом 0

Бишкек, 25.01.23. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Кыргызстанда жылына өндүрүштө иштеген 200гө жакын адам майып болуп калат. Бул тууралуу “Кабар” агенттигиндеги маалымат жыйынында Кыргызстандын профсоюздар федерациясынын техникалык эмгек инспекциясынын башчысы Догдурбай Тыныбеков билдирди.

Анын айтымында, өлкө аймагында жыл сайын 1 миңден ашык өндүрүш кырсыгы катталат.

“Акыркы беш жылды алсак, кырсыктан 70-80ге жакын адам каза болуптур. Ал эми жыл сайын 200гө жакыны майып болуп калат. Калгандары жеңил жаракат алат. Өндүрүштөгү кырсыкты жашыруун деп коюшат, элге билдиришпейт. Кийин гана билинет. Жарандарга акча, батир беребиз деп алдап коет. Эки-үч жыл өткөндө бул жашыруун кырсык деп катталып, анан биз аны териштиребиз. Эмгек кодексинде жазылган: майып болуп калгандарга бир жолку төлөнүүчү жөлөкпул берилет. Аны санап көргөндө жылына 80-100 млн сом чыгат экен, мына ошонун артынан чуркап жүрүп жаранга ал акчаны алып беребиз”, - дейт ал.

Пикир

Оставить комментарий