• 88.68
  • 95
  • 0.95

Бишкек шаарынын мэрин шайлоо башталды

Коом 0

Бишкек, 08.08.18. /Кабар/. Бишкек шаардык кеңешинин кезексиз сессиясы Азиз Суракматовдун Бишкектин мэри кызматына талапкерлигин карап жатат.

Анын талапкерлигин Бишкек шаардык кеңешинин көпчүлүк коалициясы көрсөткөн. Аталган кеңешке КСДП, "Өнүгүү-Прогресс", "Мекеним Кыргызстан" жана "Кыргызстан" фракциялары кирет.

Талапкерди көрсөтүү укугуна "Республика-Ата-Журт" оппозициялык фракциясы жана премьер-министр дагы ээ.

31-июлда Азиз Суракматов мамлекеттик тил боюнча сынак тапшырган.

Суракматовго депутаттардын жарымынан көбү - кеминде 45 эл өкүлүнүн 23ү добуш бериши керек.

Эгер ал керектүү сандагы добушту топтой албаса, шайлоо кайра өткөрүлөт.

Азиз Суракматов Жогорку Кеңештин 5-чакырылышындагы депутаты болгон.

Мурдагы мэр Албек Ибраимов ээлеген кызматынан бошотулган. Ага "Коррупция" беренеси боюнча кылмыш иши козголгон.

Пикир

Оставить комментарий