• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Ала-Бука чек ара бөлүмүнүн аскер кызматкерлерине жаңы салынган батирлердин ачкычы тапшырылды

Коом 0

Бишкек, 24.09.18. /Кабар/. 2018-жылдын 24-сентябрында Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунун Ала-Бука чек ара отрядынын аскер кызматкерлерине жаңы салынган батирлердин ачкычын тапшыруу аземи болуп өттү. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынын ЖКМ жана коомчулук менен байланыш бөлүмү билдирет.

Аталган иш-чарага Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүнүн Генералдык штабынын башчысы, генерал-майор Р.Дүйшенбиев, КР Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасынын орун басары, полковник Д.Сатимов, Ала-Бука райондук администрациясынын жетекчилиги, райондогу укук коргоо органдарынын жана күч түзүмдөрүнүн өкүлдөрү, КР МЧКнын Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгынын башчылыгы менен отряддын өздүк курамы, аскер кызматкерлеринин үй-бүлө мүчөлөрү жана чек-арачы-ардагерлер катышты.

2030 аскер бөлүгүнүн аймагына 24 батирлүү 3 кабаттуу үй салынып бүттү. Үйдүн курулуш иштерине каражатты Кыргызстандын ЕАЭБке кирүү алкагында Россия Федерациясы тарабынан каржыланды. Курулушка кеткен жалпы каражат 53 млн. 652 миң сом болду. Ал эми имараттын курулуш иштери 2017-жылдын апрель айында башталган.

Бул турак-жай үчүн өзүнчө көмүр менен жылытуучу жай курулган. Батирлердин ичинде бардык шарттар каралып, сууну ысытуучу апараттар дагы киргизилген. Ошондой эле үйдүн алдында жаш балдардын аянты дагы курулган.

Пикир

Оставить комментарий