• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

Ошто бир тууган памирлик ага-ини англис тилин өздөштүрүшүүдө

Аймак 0

Ош, 24.09.18. /Кабар/. Афганистандын Памир шаарынан келген кыргыз ага-ини Нурулхуда жана Абдувакил Турдахун уулу Ош мамлекеттик университетине жана “Ыйман” лицейине тапшырышты.

Алардын улуусу 19 жаштагы Абдувакил Ош мамлекеттик университетинин алдындагы педагогикалык институтка тапшырып, 16 жаштагы Нурулхуда Ош шаарындагы “Ыйман” лицейинде окууда. Экөө тең Ош мамлекеттик университетинин жатаканасында жашап, үч маал тамак менен камсыз болушууда.

Жеке ишкер жана CICA билим берүү мекемесинин директору Айбек Жолдошев аларга англис тилин бекер үйрөтүүдө. Учурда бир туугандар жумасына беш жолу бир жарым сааттан англис тилин үйрөнүшүүдө.

Андан тышкары алар алдыда корей тилин үйрөнүүнү пландоодо. Жеке ишкер аталган тилди үйрөнүүгө көмөк көрсөтүүгө убада берди.

Пикир

Оставить комментарий