• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстандагы 15 мектеп үчүн окуу эмеректери жана техникалык жабдуулар берилди

Билим 0

Бишкек, 17.12.21./Кабар/. 2021-жылдын 16-декабрында Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министри Болотбек Купешев жана Кытай Эл Республикасынын Кыргызстандагы элчиси Ду Дэвэнь баасы 2,6 млн сомдук окуу эмеректерин жана техникалык жабдууларды Кыргызстандын жалпы билим берүүчү уюмдарына өткөрүп берүү аземине катышты.

Ведомствонун басма сөз кызматынан кабарлашкандай, Кытай элчилигинин каржылык колдоосу менен республиканын ар кайсы аймактарындагы 15 мектеп үчүн окуу эмеректери жана техникалык жабдуулар сатылып алынган.

Атап айтканда:

- 360 комплект окуу партасы отургучтары менен;

- 30 комплект мугалимдин столу отургучтары менен;

- 30 китеп шкафы;

- 30 класстык такта жана 7 интерактивдик такта;

- 7 лазердик проектор.

Б. Купешев жалпы билим берүүчү уюмдарга материалдык-техникалык жардам түрүндө Кыргыз Республикасына берген кезектеги жардамы үчүн кытай тарапка ыраазычылык билдирди. Ошону менен бирге министр сапаттуу билим берүү үчүн Кыргызстандын мектептери бардык зарыл заманбап жабдуулар жана окуу эмеректери менен жабдылууга тийиш экенин белгиледи.

Өз кезегинде Ду Дэвэнь кыргыз-кытай мамилелерин жана эки өлкөнүн маданий-гуманитардык кызматташтыгынын натыйжаларын жогору баалады.

Иш-чаранын соңунда тараптар бул багыттагы кызматташтыкты улантып, республиканын алыскы аймактарында жайгашкан муктаж мектептердин материалдык-техникалык базасын жакшыртуу боюнча чогуу аракеттенмей болушту.

Жыйынтыгында Б. Купешев жана Ду Дэвэнь өткөрүп алуу-өткөрүп берүү актына кол коюшту.

Пикир

Оставить комментарий