• 88.68
  • 95
  • 0.95

Бишкекте Ала-Арча суусуна түшүп кеткен адам куткарылды

Кырсык 0

Бишкек, 17.12.21. /Кабар/. Ала-Арча суусуна түшүп кеткен адам куткарылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Бишкек шаарынын Ленин районунда Ала-Арча суусуна 1957-жылы туулган эркек киши түшүп кеткен.

Жерине 4 куткаруучу тартылып, аталган жаранды суудан алып чыгып, тез жардам кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

Пикир

Оставить комментарий