• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Кыргызстандык Асель Сартбаева Улуу Британияда биотехнологиялар боюнча эл аралык сыйлык алды

Коом 0


Бишкек, 08.11.17. /Айжамал Дуйшоева - Кабар/. Кыргызстандык Асель Сартбаева вакциналарды муздатпастан сактоо инновациялык ыкмасы үчүн Улуу Британияда IChemE Global Awards 2017 биотехнологиялар боюнча эл аралык сыйлык алды.

Ойлоп табуунун өзгөчөлүгү учурда көптөгөн вакциналар муздаткычта сакталбаса, тез эле жараксыз, таасирсиз же уулуу болуп калышы менен шартталат.

Асель Сартбаеванын командасы вакциналарды сактоонун инновациялык ыкмасын ойлоп табышкан. Бул чыгымдарды азайтып, миллиондогон өмүрлөрдү сактап калууну шарттайт.

Ошентип, вакциналарды сактоого атайын муздаткыч талап кылынбайт.

“Мен үчүн бул сыйлыкты алуу чоң сыймык. Мен абдан кубанычтамын жана бактылуумун. Менин тобум бул процесстин үстүндө көп эмгектенди”, - деп ыраазычылык билдирди Сартбаева.

Салтанат Бирмингемеде өтүп, 21 өлкөдөн 140 окумуштуу катышты.

Асель Сартбаева – Борбор Азиядан чыккан дүйнөгө таанымал окумуштуу аялдардын бири.

Пикир

Оставить комментарий