• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстандык бийчилер Казакстанда өткөн турнирде 11 медаль утушту

Спорт 0

Бишкек, 24.01.18. /Айжамал Дуйшоева - Кабар/. Кыргызстандык спортчулар Казакстанда өткөн BLACK & WHITE-2018 бий турниринде 6 алтын, 4 коло жана бир күмүш медаль утушту.

КР бий спорту боюнча федерациянын президенти Сергей Титунин билдиргендей, биринчи эл аралык турнир 20-21-январь күндөрү Алматы шаарында өткөн. Ага Кыргызстан, Өзбекстан жана Казакстандан келген спортулар катышкан.

Бардыгы болуп спортулар 11 медаль утуп келишкен. Спортчулардын баары машыктыруучу Алексей Кибкало жана Татьяна Когадейдин окуучулары.

Пикир

Оставить комментарий