• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстандык гимнаст Казакстанда 2 күмүш медаль утуп алды

Спорт 0

Бишкек, 6-март /Кабар/. Кыргызстандык гимнаст Роман Пак Казакстандын гимнастика федерациясынын президентинин V ачык кубогунда 2 күмүш медаль утуп алды. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, мелдеш 28-февралдан 3-мартка чейин Алмата шаарында өттү, ага 150гө жакын спортчу катышты.

Кыргызстандан мелдешке Роман Пак катышкан.

Финалда кыргызстандык спортчу 2 күмүш медаль жеңип алды.

Мелдеш Таиландда өтө турган спорттук гимнастика боюнча Азия чемпионатына Кыргызстан менен Казакстандан гимнасттарды тандоо максатында өткөрүлгөн.

Пикир

Оставить комментарий