• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстандык мигрант тууралуу тартылган “Айка” тасмасы “Оскардын” лонг-листине кирди

Маданият 0

Бишкек, 09.10.18. /Кабар/. Режиссёр Сергей Дворцевойдун кыргызстандык мигрант тууралуу тарткан “Айка” тасмасы “Оскар” сыйлыгынын лонг-листине кирди. Бул тууралуу кино сыйлыктын сайты кабарлады.

Кинотасманын сюжетинин борборунда кыргызстандык мигрант Айка. Ал акча табуу үчүн көчөдө тентип жүрөт. Каттоосу жок болгондуктан, ал коррупцияга малынган полиция кызматкерлерине жана куу мекендештерине жем болуу тобокелинде калат.

Эске салсак, башкы ролдогу актриса Самал Еслямова Канн фестивалында “Аялдын мыкты ролу” үчүн сыйланган.

“Оскардын” 91-сыйлык тапшыруу аземинде “Айка” тасмасы “Мыкты чет өлкөлүк тасма” номинациясына көрсөтүлгөн.

Пикир

Оставить комментарий