• 88.68
  • 95
  • 0.95

Кыргызстандык Петрашов жаштар арасындагы олимпиадада күмүш медаль утту

Спорт 0


Бишкек, 09.10.18. /Кабар/. Кыргызстандык суучул Денис Петрашов Аргентинанын борбору Буэнос-Айресте өтүп жаткан жаштар арасындагы жайкы олимпиада оюндарында күмүш медаль утуп алды. Бул тууралуу мелдештердин расмий сайты кабарлады.

18 жаштагы суучул жарым финалда 1 мүнөт 1,95 секунда жыйынтыгын көрсөтүп, финалга өткөн. Медаль үчүн күрөштө ал 1 мүнөт 1,34 секундада сүзүп өткөн.

Кытайлык спортчу чемпион аталган.

Петрашов 50 метр жана 200 метр аралыкка сүзүү боюнча дагы эки категорияга катыша турганы айтылган.

Пикир

Оставить комментарий