• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстандык спортчулар пара дзюдо боюнча Азия чемпионатынан кайтып келишти

Спорт 0

Бишкек, 02.05.23. /Кабар/. Кечээ, 1-майда пара дзюдо боюнча Азия чемпионатына катышкан Кыргызстандын курама командасынын мүчөлөрү Бишкек шаарына келишти. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.

Спортчуларды “Манас” эл аралык аэропортунан Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясынын өкүлү Мадымса Тулеген, спортчулардын күйөрмандары жана жакындары тосуп алышты.

Азия чемпионатында кыз-келиндер арасында 48 кг салмак категориясында катышкан Хайитхон Хусан кызы финалдык беттештте Өзбекстандык спортчу Фотима Тоирова менен кез келип, аны 10:0 эсебинде жеңип, Азиянын чемпиону болду.

Ал эми Регина Саламатова 48 кг салмакта коло байгеге ээ болду. Эркектер арасында 60 кг салмак категориясында Алихан Жумагулов, Темирлан Абдукаримов, 73 кг салмакта Маматибрагим Суранов коло медаль тагынышты.

Белгилей кетсек, аталган мелдеш 26-апрель күнү башталып, 1-майда жыйынтыкталды.

Пикир

Оставить комментарий