• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстандык жөө күлүктөр Ирандагы мелдеште 4 медаль утуп алышты

Спорт 0

Бишкек, 14.01.20. /Кабар/. Жеңил атлетика боюнча Кыргызстандын курамасы Иранда өткөн ачык чемпионатта 4 медаль утуп алды. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Мелдеш 9-10-январь күндөрү Тегеран шаарында өтүп, ага алты өлкөнүн спортчулары катышкан.

Кыргызстандын атынан мелдешке 6 жөө күлүк катышкан.

Гүлшанай Сатарова 3 миң метр аралыкта биринчи болсо, 1,5 миң метр аралыктагы жарышта экинчи орунду алган.

Ева Кадырова 60 метр аралыкта, ал эми Нурсултан Кеңешбеков 3 миң метрлик жарышта коло байгелүү болгон.

Пикир

Оставить комментарий