• 88.68
  • 95
  • 0.95

Кыргызстандык 12 боксчу Азия чемпионатында күчүн сынайт

Спорт 0

Бишкек, 09.01.23. /Кабар/. Кыргызстандын бокс боюнча жаштар курама командасы Таиландда өтө турган Азия чемпионатына катышат. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.

Чемпионат 17-28-январь күндөрү Бангкок шаарында 22 жашка чейинкилер арасында өтүп, Кыргызстандан 12 спортчу күч сынашат.

Курама команданын тизмеси:

1. Анвар Ходжиев, 48 кг;

2. Ислам Торобаев, 54 кг;

3. Тургунбек Иманкадыров, 57 кг;

4. Мирзахит Имамназаров, 60 кг;

5. Аскат Култаев, 63,5 кг;

6. Ихтияр Нишанов, 67 кг;

7. Нурадин Рустамбек уулу, 71 кг;

8. Даниэль Абдрахманов, 75 кг;

9. Бекбол Мурасбеков, 80 кг;

10. Нурсултан Болотбаев, 86 кг;

11. Бакыт Токтосун уулу, 92 кг;

12. Ооматбек Элчоро уулу, 92 кг жогору;

13. Мукаш Ырсалиев, калыс;

14. Данияр Төлөгөн уулу, башкы машыктыруучу;

15. Улан Сагынбаев, улук машыктыруучу.

Пикир

Оставить комментарий