• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Чемпиондор лигасы: “Аякс” клубу “Ювентусту” жеңип, жарым финалга чыкты

Спорт 0

Бишкек, 17.04.19. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Чемпиондор лигасынын чейрек финалынын жооптук беттешинде “Ювентус” командасы “Аякс” клубун өз талаасында кабыл алды. Беттеш 2:1 эсебинде “Аякс” жеңип, жарым финалга өттү.

Оюндун 28-мүнөтүндө жарым коргоочу Пьяничтин чыгарып берген тобун Роналду гол киргизгенге жетишти. 6 мүнөттөн кийин “Аякстын” жарым коргоочусу Донни ван де Бек эсепти теңеди.

2-таймдын 67-мүнөтүндө бурчтан көтөрүлгөн топту де Лигт башы менен сүзүп, “Аякс” командасына жеңишти камсыздады.

Эки команданын алгачкы оюну 1:1 эсебинде тең чыгуу менен аяктаган.

Белгилей кетсек, эртең, 18-апрелде “Тотенхэм” клубу “Манчестер Сити” менен оюн өткөрсө, “Ливерпуль” “Порту” командасы менен беттешет.

Пикир

Оставить комментарий