• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Чемпиондор лигасы: “Ювентус” менен “Аякс” командасы 1:1 эсебинде тең чыгышты

Спорт 0

Бишкек, 11.04.19. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Чемпиондор лигасынын чейрек финалында голландиялык “Аякс” клубу “Ювентус” командасын өз калаасында кабыл алды. 94 мүнөткө созулган оюн 1:1 эсебинде тең чыгуу менен аяктады.

1-таймдын аягында, тактап айтканда 45-мүнөтүндө Канселунун чыгарып берген тобун Роналду башы менен сүзүп эсепти ачты.

“Аякс” көпкө күттүрбөй оюндун 46-мүнөтүндө жарым коргоочу Давид Нерес каршылашын алдап туруп тепкен тобу голго айланды.

“Аякс” клубу менен “Ювентус” командасынын жооптук беттеши 17-апрелде саат 1:00дө “Ювентус” калаасында өтөт.

Эскерте кетсек, чейрек финалынын алгачкы оюдарында “Тотенхэм” клубу “Манчестер Сити” командасын 1:0 эсебинде жеңип алган. Ал эми, “Ливерпуль” “Порту” клубун 2:0 эсебинде артта калтырган.

Пикир

Оставить комментарий