• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстандыктар Мальдив аралдарында 30 күнгө чейин визасыз жүрө алышат

Коом 0

Бишкек, 04.02.23. /Кабар/. Кыргызстандыктар Мальдив аралдарына визасыз кирип, 30 күнгө чейин жүрө алышат. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Чет мамлекеттер үчүн, анын ичинде Эл аралык жарандык авиация уюмунун (ИКАО) эл аралык стандарттарынын алкагында визасыз режимди киргизүүнүн маанилүү талабы биометрикалык паспорттордун болушу болуп саналат. Кыргызстанда электрондук паспорттор 2021-жылы гана киргизилген. Буга байланыштуу бул багыттагы иштер жигердүү кайра жанданды.

Бул этапта, чет мамлекеттер кыргызстандыктар үчүн визасыз режимди киргизүүнүн алкагында негизинен дипломаттык жана кызматтык паспорттор боюнча гана кызматташууда.

2022-жылы Бириккен Араб Эмираттары, Бахрейн, Ливан, Мальдив (анын ичинде жалпы жарандык паспорт) менен дипломаттык жана кызматтык паспорттордун ээлерин визалык талаптардан бошотуу боюнча өкмөттөр аралык төрт макулдашууга кол коюлган.

Аны менен катар Кыргызстандын жарандары үчүн визалык талаптар жокко чыгарылды. Алар Мальдив аралдарына жалпы паспорт менен кирип, келишим күчүнө киргенден кийин бул өлкөдө 30 күнгө чейин жүрө алышат. Учурда тиешелүү эл аралык келишимдердин күчүнө кириши үчүн мамлекеттик ички жол-жоболор жүргүзүлүүдө.

Ал эми Греция жана Таиланд менен өкмөттөр аралык эки келишим (дипломаттык жана кызматтык паспорттор боюнча) кол коюуга даяр. Бельгия, Нидерланд, Люксембург, Словакия, Египет (дипломаттык жана кызматтык паспорттор), Доминика (анын ичинде жалпы жарандык паспорт) алты мамлекет менен төрт өкмөттөр аралык макулдашуунун долбоору активдүү иштелип чыгууда.

2023-жылы тиешелүү иштер улантылууда. Кыргызстандын бардык элчиликтери жана консулдуктары Кыргызстандын жарандары үчүн визасыз кирүү мүмкүнчүлүгү бар өлкөлөрдүн географиясын кеңейтүү боюнча иш-чараларды күчөтүүгө багытталган.

Пикир

Оставить комментарий