• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Zagreb Open мелдеши: Айпери Медет кызы ишенимдүү түрдө жарым финалга өттү

Спорт 0

Бишкек, 04.02.23. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Айпери Медет кызы Хорватиядагы Zagreb Open эл аралык рейтингдик мелдешинин жарым финалына өттү. Бул тууралуу Бириккен күрөш дүйнөсүнүн (UWW) сайтында айтылат.

Мелдеш 1-5-февралда Загреб шаарында өтүүдө. Айпери Медет кызы кыз-келиндер күрөшү боюнча 76 кг салмакта мелдештин 1/8 финалынан баштап күчүн сыноодо.

Ал алгач индиялык Киран аттуу кыз менен килем үстүнө чыгып, атаандашынын далысын жерге басуу менен таза жеңишти камсыздады. Чейрек финалда кыргыз кызы канадалык Жюстина Ди Стасио менен күрөшүп, анын дагы далысын жерге басып, жеңишти илип кетти.

Эскерте кетсек, аталган мелдеште Айсулуу Тыныбекова дагы катышып, тилекке каршы, алгачкы атаандашына жеңилип калган.

Пикир

Оставить комментарий