• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Zagreb Open мелдеши: Айпери Медет кызы үч атаандашын таза жеңип, финалга чыкты

Спорт 0

Бишкек, 04.02.23. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Айпери Медет кызы Хорватиядагы Zagreb Open эл аралык рейтингдик мелдешинин финалына чыкты. Бул тууралуу Бириккен күрөш дүйнөсүнүн (UWW) сайтында айтылат.

Мелдеш 1-5-февралда Загреб шаарында өтүүдө. Айпери Медет кызы кыз-келиндер күрөшү боюнча 76 кг салмакта мелдештин 1/8 финалынан баштап күчүн сыноодо.

Ал алгач индиялык Киран аттуу кыз менен килем үстүнө чыгып, атаандашынын далысын жерге басуу менен таза жеңишти камсыздады. Чейрек финалда кыргыз кызы канадалык Жюстина Ди Стасио менен күрөшүп, анын дагы далысын жерге басып, жеңишти илип кетти.

Ал эми жарым финалда Медет кызы кытайлык Жуан Вангга каршы килемга чыкты. Кармашта эки упай артыкчылык менен келе жаткан кыргызстандык спортчу кайрадан атаандашынын далысын басканга жетишти.

Эскерте кетсек, Айпери Медет кызы 2022-жылдын сентябрь айында Сербиядагы кыз-келиндер күрөшү боюнча дүйнө чемпионатынын 1/8 финалында дал ушул Жуан Вангга утулуп калган болчу.

Пикир

Оставить комментарий