• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Zagreb Open мелдеши: Айпери Медет кызы алгачкы атаандашын утуп алды

Спорт 0

Бишкек, 04.02.23. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Айпери Медет кызы Хорватиядагы Zagreb Open эл аралык рейтингдик мелдешинде алгачкы атаандашын утуп алды. Бул тууралуу Бириккен күрөш дүйнөсүнүн (UWW) сайтында айтылат.

Мелдеш 1-5-февралда Загреб шаарында өтүүдө.

Айпери Медет кызы кыз-келиндер күрөшү боюнча 76 кг салмакта мелдештин 1/8 финалынан баштап күчүн сыноодо. Ал алгач индиялык Киран аттуу кыз менен килем үстүнө чыгып, атаандашынын далысын жерге басуу менен таза жеңишти камсыздады.

Эскерте кетсек, аталган мелдеште Айсулуу Тыныбекова дагы катышып, тилекке каршы, алгачкы атаандашына жеңилип калган.

Пикир

Оставить комментарий