• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстандык спортчулар Финляндияда өткөн дүйнө чемпионатында алты медаль тагынышты

Спорт 0

БИШКЕК, 08.08.17. /Нуркыз Сабырова – Кабар/. Күрөш боюнча Кыргызстандын жаштар курама командасы Финляндияда өткөн дүйнөлүк чемпионатта алты медаль утушту. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Кыргызстандын атынан турнирге 17 спортчу катышкан. Алар бир алтын, үч күмүш жана эки коло медаль жеңишкен.

1. 1-орунга – Айпери Медет кызы, эркин күрөш 72 кг чейинки салмак,

2. 2-орун – Жоламан Шаршенбеков, грек-рим күрөшү боюнча 55 кг чейинки салмак,

3. 2-орун - Акжол Махмудов, грек-рим күрөшү, 74 кг чейинки салмакта,

4. 2-орун - Роман Ким, грек-рим күрөшү, 120 кг чейинки салмак,

5. 3-орун - Акбар Кенжебек уулу, эркин күрөш, 50 кг чейинки салмак,

6. 3-орун–Мээрим Жуманазарова, эркин күрөш, 67 кг чейин.

Эскерте кетсек, Дүйнөлүк чемпионат 1-6-августка чейин Финляндиядагы Тампер шаарында өткөн. Анда жалпысынан 24 комплект медаль ойнотулган. Чемпионатка катышуу үчүн дирекциянын бюджетинен 2 млн 733 миң сом каражат бөлүнгөн.

Пикир

Оставить комментарий