• 88.68
  • 95
  • 0.95

Өлкөгө жана элге сиңирген эмгеги үчүн кыргызстандыктарга мамлекеттик сыйлыктар тапшырылды

Президент 0

Бишкек, 02.09.22./Кабар/. Бишкекте бүгүн, 2-сентябрда, Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун катышуусунда өлкөгө жана элге сиңирген эмгеги үчүн кыргызстандыктарга мамлекеттик сыйлыктарды тапшыруу салтанаттуу аземи болуп өттү.

Мамлекет башчысы өз сөзүндө бүгүнкү күндө жетишкендиктери үчүн адилеттүү баасын алып, мамлекеттик сыйлыктар жана наамдар менен сыйланган мекендештердин ролун белгиледи.

Ал чыдамкайлыгы, өжөрлүгү жана адал эмгеги менен ушул деңгээлге жетишкен бүгүнкү сыйлык ээлери өз заманынын каармандарына айланарын белгиледи.

Президент Садыр Жапаров бардык сыйлык ээлерине өлкөнүн социалдык-экономикалык, интеллектуалдык жана маданий потенциалын өнүктүрүүгө кошкон олуттуу салымы, кесиптик ишиндеги чоң жетишкендиктери жана көп жылдык эмгеги үчүн ыраазычылык билдирди.

Пикир

Оставить комментарий