• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстандын абактарында 7,5 миңден ашуун адам отурат

Коом 0

Бишкек, 03.02.23. /Кабар/. Кыргызстандын абактарында 7 миң 529 адам отурат. Бул тууралуу Жазаларды аткаруу кызматы билдирет.

Ведомстводон белгилешкендей, ошол эле учурда абакта отурган адамдардын санын кыскартуу тенденциясы бар.

Алардын ичинен менчикке каршы кылмыштарды - 2 миң 98 адам, адамдын өмүрүнө жана ден соолугуна каршы кылмыштарды - 1 миң 767, баңгизаттарына байланыштуу кылмыштарды -1 миң 50, жыныстык кол тийбестикке каршы кылмыштарды - 638 адам жана башка кылмыштарды жасашкан.

Соттолгондордун басымдуу бөлүгүн (1301) 18 жаштан 30 жашка чейинки жана 33 жаштан 55 жашка чейинки (4262) жарандар түзөт.

Белгиленгендей, 572 адам чет мамлекеттердин жарандары, алардын 285и жазасын өтөп жаткандар, 287си издөөдө. КМШ өлкөлөрүнөн Кыргызстанга 99 адам келген, анын ичинен 47си кылмыш жоопкерчилигине тартылса, 52си жаза мөөнөтүн андан ары өтөө үчүн алынып келген. Шериктештик өлкөлөрүнө 23 адам экстрадицияланган.

Пикир

Оставить комментарий