• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстандын аймагында 15-январга карата күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

Коом 0

Бишкек, 15.01.22. /Кабар/. Кыргызгидромет борбору 15-январда өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат таратты.

Ага ылайык, бүгүн, 15-январда Жалал-Абад, Чүй облустарынын тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.

Тоолуу райондордо жолдор тайгак болот. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Абанын температурасы Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +13...+18, Талас облусунда +11...+16, Ысык-Көл облусунда +3...+8 градус жылуу, ал эми Нарын облусунда -3...-8 градус суук болушу күтүлөт.

Ал эми Бишкек шаарында абанын температурасы +16...+18 градуска жетет.

Пикир

Оставить комментарий