Бишкек, 24.01.24. /Кабар/. Кыргызстандын аймагында акыркы сутка ичинде 14 өрт кырсыгы катталып, аларды өчүрүүгө 17 күжүрмөн эсеп тартылган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, анын ичинде:
- Бишкек шаарында – 2;
- Ош облусунда – 4;
- Чүй облусунда – 6;
- Баткен облусунда – 2 тилсиз жоо катталган.
Ал эми куткаруу кызматтары тарабынан эки чыгуу болду.
Пикир
Оставить комментарий