• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Жыл башынан бери Кара-Суу районунда 327 жол кырсыгы катталып, 51 адам каза болгон

Кырсык 0

Бишкек, 24.12.21. /Кабар/. Жыл башынан бери Ош облусунун Кара-Суу районунда 327 жол кырсыгы катталды. Бул тууралуу облустук ички иштер башкармалыгынын малымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, бул көрсөткүч былтыркы жылга салыштырмалуу 85 учурга көп. Жол кырсыгынан 51 адам каза болсо, былтыркы жылы 46 адамдын өмүрү кыйылган.

“Ал эми 618 жаран денесинен ар кандай жаракат алган. Талдоо көрсөткөндөй, жол кырсыктары айдоочулар тарабынан жол кыймыл эрежесин сактабай ылдамдыкты жогорулатып, алдыдагы бара жаткан унаадан туура эмес ашып өтүү учурунда жасалган кырсыктар басымдуулук кылганы белгилүү болгон”, - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий