• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстандын дагы бир футболчусу карьерасын Өзбекстандан улантат

Спорт 0

Бишкек, 08.02.19. /Кабар/. Кыргызстандын курамасынын оюнчусу Шерзот Шакиров Өзбекстандын "Согдиана" клубуна которулду. Бул тууралуу Кыргызстандын Футбол федерациясынан билдиришти.

Оюнчунун клуб менен келишими 2 жылга түзүлгөн. Бирок ал дагы бир жылга узартылышы мүмкүн.

Ал учурда Кыргызстандын курамасынын коргоочусу өзүнүн жаңы командасына кошулуп, достук беттеш өткөрүүгө да жетишкен.

"Учурда команда алдыдагы сезонго Түркияда даярданып жатат. 6-февраль күнү Сербиянын "Бачка Паланка" клубу менен достук оюнун өткөрүп, ал тең чыгуу – 2:2 менен аяктады. Мен оюнга башкы курамда чыгып, 90 мүнөт оюн талаасында болдум", - дейт спортчу.

Белгилей кетсек, "Согдиана" клубу Өзбекстандын жогорку лигасында ойнойт.

Кошумчалай кетсек, Шерзот Шакиров Өзбекстандын клубуна кеткен жалгыз оюнчу эмес. Футбол курамабыздын оюнчусу Ахлидин Исраилов да 5-февраль күнү "Андижан" клубу менен бир жылдык келишим түзгөн.

Пикир

Оставить комментарий