• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкекте каналдын жанынан ымыркайдын жансыз денеси табылды. Энеси изделүүдө

Кырсык 0

Бишкек, 08.02.19. /Кабар/. Бишкектеги Чоң Чүй каналынын жанында 3-февраль күнү ымыркайдын жансыз денеси табылган. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине шаардык милициянын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, аталган факты Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине каттоого алынды. Сотко чейинки териштирүү иштери башталды.

Ымыркайдын өлүмүнүн себебин жана жашын аныктоо боюнча соттук-медициналык экспертизалар дайындалган.

“Наристенин энеси изделүүдө. Болжол менен бөбөк 6-7 айлык болгон”, - деп милициядан кабарлашты.

Пикир

Оставить комментарий