• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

УКМК: Тажикстан Кыргызстанга каршы гибриддик согуштун бардык ыкмаларын колдонууда

Кырсык 0

Бишкек, 16.09.22. /Кабар/. Тажикстан Кыргызстанга каршы гибриддик согуштун бардык ыкмаларын колдонууда. Бул тууралуу КР УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Дүйшөмбү чек арадагы куралдуу кагылышуунун келип чыгышына Бишкекти айыптоодо.

“Бирок тажик тарап алдын ала даярданган жана танктарды, минометторду, бронетехникаларды жана “Град” ракета системасын активдүү колдонууда. Тажикстан шаар, айыл жана калктуу конуштарга чабуул жасап жатканда чек арачылардан сырткары Куралдуу күчтөрүнүн бир катар аскерлерин колдонууда”, - деп айтылат маалыматта.

Кыргыз тарап тажик тарапка ок атышууну токтотууну, сүйлөшүү столуна отуруп, кырдаалды биргелешип чечүүнү талап кылууну улантууда.

Пикир

Оставить комментарий