• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Жайыл районунда 3 жашар кыз каналга түшүп кеткен

Кырсык 0

Бишкек, 27.08.20. /Кабар/. Жайыл районунда 3 жашар кыз каналга түшүп кеткен. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, кечээ, 26-августта Чүй облусунун, Жайыл районундагы Сары-Булак айылында каналга 3 жашар кыз түшүп кеткен. Жерине издөө иштерин жүргүзүүгө Жайыл районунан 5 куткаруучу тартылып, саат 20:00дө кеч киргендигине байланыштуу издөө иштери убактылуу токтотулган.

Бүгүн, 27-август күнү издөө иштери улантылат.

Пикир

Оставить комментарий