• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстандын делегациясы БУУнун Балдар укуктары боюнча комитетинин 94-сессиясына катышты

Коом 0

Бишкек, 15.09.23. /Кабар/. Женева шаарында БУУнун Баланын укуктары боюнча Комитетинин кезектеги 94-сессиясында Балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүл Асель Чынбаева жетектеген кыргызстандык делегация БУУнун Баланын укуктары жөнүндө Конвенциясына ылайык Кыргызстан тарабынан алынган милдеттенмелерди аткаруу боюнча кабыл алынган мыйзамдык жана административдик чаралар жөнүндө Бириккен бешинчи жана алтынчы мезгилдүү өлкөлүк баяндаманы сунуштады. Бул тууралуу президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынан кабарлашты.

Баланын укуктары жөнүндө Конвенция (КПР) 1989-жылдын 20-ноябрында кабыл алынган жана анын катышуучулары болуп 196 өлкө саналат. Кыргызстан КПРга 1994-жылы кошулган. КПРдин жоболоруна ылайык, Кыргызстанга БУУнун Баланын укуктары боюнча комитетине төрт жылда бир жолу мезгил-мезгили менен баяндама берип туруу милдети жүктөлгөн.

Кыргыз делегациясынын курамында Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин, Билим берүү жана илим министрлигинин, Саламаттык сактоо министрлигинин, Ички иштер министрлигинин, Башкы прокуратуранын, Жогорку соттун жетекчилери жана өкүлдөрү да бар.

Делегация башчысы Асель Чынбаева кириш сөзүндө 2020-жылдан кийин кабыл алынган жаңы саясий багытка байланыштуу жана COVID-19 пандемиясынын кесепеттерине карабастан, Кыргызстандагы кырдаал жарандардын, өзгөчө балдардын жашоо турмушун жакшыртууга, кризиске каршы чараларды ишке ашырууга, өлкөнүн прогрессивдүү социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө жана узак мөөнөттүү өнүгүү максаттарына ийгиликтүү жетишүү үчүн негиздерди түзүүгө багытталгандыгы менен мүнөздөлгөнүн белгиледи.

Мындан тышкары, кыргыз делегациясы сессиянын жүрүшүндө балдардын укуктарын камсыз кылуу жаатындагы мамлекеттик саясаттын негизги багыттары, анын ичинде баланын эң жакшы кызыкчылыктарын камсыз кылуу боюнча чаралар, балдарга ыңгайлуу сот адилеттигинин принциптерин киргизүү, балдарды басмырлоого жол бербөө, балдардын үй-бүлөдө жашоого жана тарбияланууга укуктарын камсыз кылуу, билим алуу укугун, квалификациялуу медициналык жардамга жетүүнү камсыз кылуу, балдар эмгегине жол бербөө жана башкалар жөнүндө кеңири маалымат беришти.

Маалымдама:

2023-жылдын башына карата Кыргыз Республикасында 18 жашка чейинки балдардын саны 2 млн 662 миңди түзөт, алардын 49%ы - кыздар. 2022-жылдын башына салыштырмалуу балдардын саны дээрлик 36 миңге көбөйүп, 1,3% ды түздү. 7 жашка чейинки балдар 42%, 7-14 жаштагы балдар 45% түзөт. 15-17 жаштагы өспүрүмдөр 13% түзөт. Балдардын басымдуу көпчүлүгү (70,5%) айылдык калктуу конуштарда жашашат.

Кыргыз Республикасында балдарды коргоо системасы мамлекеттик органдардан, ЖӨБ органдарынан, социалдык кызматтарды көрсөтүүчү мекемелерден, ошондой эле турмуштук оор кырдаалда турган балдарды коргоого багытталган чаралардын комплексинен турат. Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги балдарды коргоо боюнча биргелешкен күч-аракеттерди координациялоочу ыйгарым укуктуу орган болуп саналат (КР балдар жөнүндө Кодексине жана Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги жөнүндө Жобого ылайык).

КПРдин жоболорун аткаруу боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук баяндамалары 2004-жылы, 2014-жылы каралган. Бириккен бешинчи жана алтынчы мезгилдүү баяндама Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги тарабынан даярдалган жана БУУнун Балдар укуктары боюнча комитетине жөнөтүлгөн (бешинчи мезгилдүү баяндама – 2019-жылы, кошумча маалымат-2023-жылы).

Пикир

Оставить комментарий