• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Кыргызстандын экономикалык жумалыгы – 09-14.12.2019

Аналитика 0

Бул аптада Кыргызстандын экономикасына байланыштуу бир катар маалыматтар чыгып, аларда Кыргызстандын сырткы соода алакасы, ички дүң продуктысы, CASA-1000 долбоору жана Кыргызстандын ал долбоордун алкагында ала турган кирешеси ж.б. тууралуу айтылды.

Электр энергиясы алып келчү миллиарддар. CASA-1000 долбоорунун алкагында 15 жылда Кыргызстан 1,5 млрд доллардан ашык каражат табат.

"Кыргызстандын улуттук электр тармактары" ААКсынын долбоорлорду өнүктүрүү боюнча аткаруучу директору Акылбек Түмөнбаев айтымында, ал долбоордун алкагында "Электр станциялары" ишканасы 1,2 млрд доллар, "Кыргызстандын улуттук электр тармактары" ААКсы 322 млн доллар табат. Экспорттоло турган электр энергиянын 1 кВ/саатынын баасы 5,42 цент болот.

"Электр станциялары" АККсынын башкы директорунун орун басары Улан Орозоевдин айтымы боюнча, келишимге ылайык суу көбөйгөн же азайган учурда Кыргызстан шарттарды караштыра алат.

ИДП тууралуу. Кыргызстандын ички дүң продукты (ИДП) 2019-жылдын январь-ноябрында алдын-ала баалоо боюнча өткөн жылдын январь-ноябрына салыштырмалуу 4,9 пайызга көбөйүп, 513 млрд сомду түздү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин билдиришти.

Статистика комитетинен билдиришкендей, «Кумтөр» кен казуу ишканаларын эсепке албаганда, ИДПнын көлөмү, өткөн жылдын январь-ноябрына караганда 3,5 пайызга көп болуп, 459 млрд сомду түзгөн.

ИДПнын өсүшү, негизинен, өнөр жай, курулуш тармактары, айыл чарба жана кызмат көрсөтүү чөйрөлөрүнүн эсебинен болгон.

2019-жылдагы тышкы соода. Алдын ала маалымат боюнча, 2019-жылдын январь-октябрь айларында Кыргызстандын тышкы соода жүгүртүүсү $5,6 млрд түздү.

Статистика комитетинен белгилешкендей, соода жүгүртүү былтыркы жылдын январь-октябрь айына караганда 2,1%га азайган. Ошол эле учурда экспорт 14,1 %га артса, импорт 7,2%га азайган.

ЕАЭБге кирген мамлекеттер менен болгон сооданын көлөмү 9 ай аралыгында 2 млрд 185 млн долларды түзгөн. Өткөн жылга (январь-октябрь) салыштырмалуу ал 3,8%га аз болгон.

2019-жылдын түшүмү. Өлкөдө негизги айыл чарба өсүмдүктөрүн оруп-жыюу иштери аяктады.

Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, үстүбүздөгү жылдын 22-ноябрына карата дан өсүмдүктөрү (дан буурчак өсүмдүктөрү, күрүч жана гречкасыз) 552,2 миң гектар аянттан жыйналган. Бастырылган эгиндер (алгачкы кабыл алынган салмакта) 1 813,6 миң тоннага же 1,5%га көп болгон.

Өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу арпанын дүң жыйымы 6,8%га көбөйгөн.

Өлкө боюнча мөмө-жемиш өсүмдүктөрүн өндүрүү 5,3% көбөйгөн.

Муну менен катар картошканы өндүрүү үстүбүздөгү жылдын 22-ноябрына карата өткөн жылдын ушул мезгилине караганда 5%га азайган.

Буудайдын дүң жыйымы өткөн жылдын ушул күнүнө салыштырмалуу 4,4%га аз болгон.

Пахтаны өндүрүү 8,3 пайызга өскөн.

Кыргызстандын экспорту. 2019-жылдын январь-октябрь айларында Кыргызстандын экспорту 1563,6 млн АКШ долларын түзүп, 14,1% жогорулады.

Өкмөттөн билдиришкендей, экспорттун жогорулашы алтынды сыртка сатуунун көлөмү 1,6 эсе жана тамекинин 2,4 эсе; эт менен эт азыктарынын 2,1 эсе; жер семирткич – 1,7 эсе; керамикадан жасалган буюмдар – 1,7 эсе; жашылча – 1,5 эсе; мөмө жемиш жана жаңгак 39,1 %; цемент – 37 %; кен жана баалуу металлдар концентраты – 17,6 % га көбөйүшү менен шартталды.

"2019-жылдын январь-октябрь айларында импорт 4059,1 млн АКШ долларын түзүп, 7,2 %га төмөндөдү. 2018-жылдын январь-октябрь айларына салыштырмалуу импорттолгон товарлардын көлөмүнүн төмөндөшү булгаарыдан жасалган буюмдарды алып келүү 2,3 эсе; сырьёнун бул түрү боюнча жасалган кийимдер – 1,8 эсе, бут кийим - 1,5 эсе; була – 27,9 %; кант жана андан жасалган кондитердик азыктар – 25,6 %; мунай заттары – 19,4 %; пластмасса жана андан жасалган буюмдар – 11,0 %; резина жана андан жасалган буюмдар 7,8 % га төмөндөшү менен шартталды", - деп айтылат маалыматта.

Соода балансындагы дефицит 2495,5 млн АКШ долларын түзүп, 17 %га төмөндөгөн. Соода балансындагы дефициттин төмөндөшү экспорттун жогорулашы жана импорттун азайышы аркылуу соода балансынын жакшырышы менен шартталган.

Пикир

Оставить комментарий