• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстандын экономикалык жумалыгы – 17-22.02.2020

Аналитика 0

Бул аптада Кыргызстанда экономикага байланышкан иш-чаралар ар түрдүү жана кызыктуу болду. Тарифтердин арзандыгынан энергетикалык секторго инвесторлор келбей жаткандыгы жана үй-бүлөлөрдүн финансылык абалы жакшыргандыгы тууралуу маалым болду. Күтүлүп жаткандай, Камбар-Ата ГЭСинин курулушу башталыгы мүмкүн, ошондой эле кыргыз элчиси Түркиялык инвесторлорду чакырды. Андан тышкары, 2019-жылдагы мамлекеттик бюджеттин аткарылышы тууралуу маалымат берилди.

Жалпысынан айтканда, өлкө экономикасы алдыга жылууда, бирок, өнүгүү темпи көңүл жубатарлык эмес.

КРдагы үй-бүлөлөрдүн абалы. Эл аралык республикалык институт (IRI, АКШ) 2019-жылдын 21-ноябрынан 3-декабрга чейин жарандар арасында сурамжылоо жүргүзгөн, ага Кыргызстандын аймактарындагы 1483 тургун катышкан.

ЭРИнын маалыматына ылайык, сурамжылоого катышкандардын 41 пайызы акыркы 12 айда алардын үй-бүлөсүндөгү финансылык абал "кыйла жакшыргандыгын" билдиришкен. 2018-жылы аталган көрсөткүч 37% түзгөн.

Аны менен бирге суралгандардын 8 пайызы финансылык абалдары "бир кыйла жакшыргандыгын" айтышкан (2018-жылы - 7%). Андан тышкары, сурамжылоого катышкандардын 67% үй-бүлөсүндөгү экономикалык абал "кандайдыр бир учурда жакшы", 9 пайызы "аябай жакшы" деп жооп беришкен.

КРнын гидропотенциалы. Бул аптада Бишкекте өткөн «Гидроэнергетика. Борбордук Азия жана Каспий 2020» IV эл аралык конгресс жана көргөзмөсүндө Өнөр жай, энергетика жана жер казыналарын пайдалануу мамлекеттик комитетинин Кайра жаралуучу энергия булактарын өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Бектур Маратбеков Кыргызстандын экономикалык потенциалы тууралуу айтып берди.

Ал белгилегендей, Кыргызстандын ири энергетикалык потенциалы бар.

«Нарын дарыясында 4 каскад курууга болот. Жылына орточо 35 млрд кВт/сааттан ашык электр энергиясы иштелип чыгат. Ошондой эле Казарман жана Сары-Жаз ГЭС каскаддары бар», - деди ал.

Анын айтымында, учурда ГЭСтер боюнча инвесторду табуу иштери жүрүп жатат.

Камбар-Ата ГЭСи. Бул жумада жакын арада КР өкмөтү Камбар-Ата ГЭС-1 долбоорунун курулушун башташы мүмкүндүгү тууралуу айтылды.

"Улуттук энергетикалык холдинг" ААКсынын башкармалыгынын төрагасы Айтмамат Назаров "Гидроэнергетика. Борбор Азия жана Каспий 2020" IV эл аралык конгресс жана көргөзмөсүнүн алкагындагы маалымат жыйында сүйлөп жатып билдиргендей, Кыргызстанда ишке ашырылууга даяр Камбар-Ата ГЭС-1 долбоору бар. Ал келечектүү энергетикалык долбоор болуп эсептелет.

"Биз бир нече инвестор жана каржы уюмдары менен сүйлөшүү жүргүзүп жатабыз. Жакын арада бул долбоордун башталышы тууралуу билдиребиз деп ойлойм. Бул долбоорго улуттук макамын берүүнү көздөп жатабыз. Бул тууралуу расмий билдирүүнү өкмөт жасайт", - деди ал.

Бул долбоорго Өзбекстан катышабы дене суроого, Назаров Өзбекстан менен биргелешип ГЭС куруу боюнча меморандум бар экенин айтты.

Инвесторлорду чакыруу. Бул аптада Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Кубанычбек Өмүралиев Түркиянын Бурса шаарында Кыргызстандын инвестициялык климаты жана мүмкүнчүлүктөрү тууралуу презентация жасады.

Элчи Бурса шаарынын мэри Алинур Акташ менен жолугуп, Бурса шаарынын КР шаарларынын бири менен боордош шаар мамилелерин орнотуу зарылдыгын белгиледи.

Ошондой эле элчи Өмүралиев сапардын алкагында Бурса шаарынын Соода жана өнөр жай палатасынын жетекчилиги жана башкаруу кеңешинин өкүлдөрү, ишкерлери менен жолугушту.

Кубанычбек Өмүралиев 2020-жылдын жай айында өтө турган кыргыз-түрк бизнес форумуна түрк ишкерлерин чакырды.

Этке болгон баалар. Кыргызстанда этке болгон орточо баалар 2020-жылдын 18-февралынын январына салыштырмалуу уйдун этинин баасы 2,13 сомго, же 0,6 пайызга, койдун этинин баасы 8,35 тыйынга, же 2,7 пайызга жогорулады.

Улуттук статистика комитетинин малыматына ылайык, 2020-жылдын 18-февралында уйдун этине карата максималдуу орточо керектөөчү баалары Кара-Суу (бир кг-358,31 сом), Ош (бир кг-352,47 сом) жана Бишкек шаарларында (бир кг – 356,39 сом) катталды. Ушул эле учурда, минималдуу чекене баалар Талас шаарында (бир кг – 305,26 сом), Кара-Балта (бир кг-316,63 сом), Покровка айылында (бир кг – 300,00 сом) байкалды.

2019-жылдын бюджети. 2019-жылы республикалык бюджеттин чыгашалары 149 млрд 108,5 млн сомду түзгөн. Бул тууралуу ушул аптада каржы министринин орун басары – Борбордук казыналыктын директору Марлен Амандыков билдирди.

Ал маалымдагандай, план 92% аткарылган. Мурдагы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу республикалык бюджеттин чыгымдары 5% же 7 млрд 148,4 млн сомго көбөйгөн.

Мамлекеттик карызды тейлөө. Былтыр мамлекеттик карызды (тышкы жана ички карыз) төлөөгө 28 млрд 122,7 млн сом сарпталды.

Каржы министринин орун басары – Борбордук казыналыктын директору Марлен Амандыков билдиргендей, тышкы карызга 14 млрд 10,3 млн сом, ал эми ички карызга 14 млрд 112,4 млн сом сарпталган.

Товарларды маркалоо. Мамлекеттик салык кызматы азыркы учурда товарлардын айрым түрлөрүн санариптик идентификациялоо каражаттары менен маркалоо боюнча пилоттук (эксперименттик) долбоору боюнча иш жүргүзүүдө.

1-июлга чейин боло турган пилоттук долбоордун алкагында, тамеки, алкоголдук продукция жана бут кийим ыктыярдуу маркаланууга тийиш.

Долбоор аяктаган соң 2020-жылдын 1-июлунан тартып алкоголдук жана тамеки продукцияларын өндүрүүдө же аларды Кыргыз Республикасынын аймагына алып келүүдө аларды санариптик идентификациялоо каражаттары менен милдеттүү түрдө маркалоону, ошондой эле бут кийим товарларын ыктыярдуу маркалоону ишке киргизүү пландаштырылууда.

Бардык секторлордун салымы. 2019-жылы Кыргызстандагы экономикалык өсүш экономиканын бардык секторлору тарабынан камсыз кылынган.

Экономика министри Санжар Муканбетов ведомствонун 2019-жылдагы ишинин жыйынтыгы каралган коллегиялык отурумда билдиргендей, 2019-жылдын жыйынтыгы боюнча өлкөдө макроэкономикалык жана социалдык туруктуулук камсыз кылынып, ИДПнын өсүшүндө оң жылыштар байкалган. "Кумтөр” кен иштетүү ишканаларын эске албаганда, ИДПнын көлөмү 4,5 пайызды түзгөн.

Экономика министринин орун басары Автандил Алыбаевдин айтуусунда, экономикалык өсүш экономиканын бардык секторлору тарабынан камсыз кылынган. Анын ичинен - айыл чарба азыктарынын өсүшү 2,6%га, өнөр жай - 6,9%, курулуш - 10,6%, кызмат көрсөтүүлөр тармагында - 2,9%.

Кытайдан башка базарлар. Экономика министри Санжар Муканбетов ушул аптада коронавируска байланыштуу Кытай менен чек ара жабылгандан кийин ишкерлерди колдоо боюнча кандай иштер аткарылып жатканын айтып берди.

Анын айтымында, январь айынын ортолорунда Кытайда Жаңы жыл майрамы болгондуктан жылдын биринчи чейрегинде башкаларына караганда көрсөткүчтөр төмөн болот.

"Жылдын биринчи чейреги боюнча маселе жаралбашы керек. Бирок бул көрүнүш созулуп кетсе, маселе жаралышы мүмкүн", - деди ал.

Ал белгилегендей, бул боюнча министрлик иш алып барууда. Анын айтымында, жүргүзүлгөн анализге ылайык Кытайга экспорттун көлөмү 0,2%га азайышы мүмкүн.

"Буга байланыштуу чоң жоготуулар болбошу үчүн министрлик тарабынан антикризистик программа иштелип чыгууда. Биз ишкерлер, ташуучулар менен жолугуп, кеңештерди берүүдөбүз, башка рынокторду караштырып жатабыз", - деди ал.

Улуттук валютада каржылоо. Россия-Кыргыз өнүктүрүү фонду улуттук валютада түз каржыланган алгачкы инвестиция долбоорду жактырды.

Фонддун маалыматына ылайык, фонддун жаңы долбоору - бул "Шоро" ЖЧКсы. Мындай мүмкүнчүлүк эми компанияга өндүрүштүн кубаттуулугун жогорулатууга жана чыгарылган продукциянын түрүн көбөйтүүгө өбөлгө түзөт.

Гидроэкспортсуз. Кыргызстан в 2020-жылы коңшу өлкөлөрдөн электр энергиясын экспорттобойт. Бул тууралуу ушул аптада Улуттук энергетикалык холдингдин башкармалыгынын төрагасы Айтмамат Назаров билдирди.

Бул аны быйыл суунун тартыштыгы менен түшүндүрдү. "Электр энергиясы экспорттолбойт. Тескерисинче электр энергиясы импорттолот. Анын баасы жана канча көлөмдө импорттоло турганын айта албайм. Бирок ал тарифтерге таасир этпейт", - деди ал.

Аны менен бирге ал Казакстан жана Тажикстан менен сүйлөшүүлөр болуп жатканын белгиледи.

Эң арзан тариф жана инвесторлор. Бүгүнкү күнү электр энергиясына тарифтерди өзгөртүү боюнча пландар жок.

Улуттук энергетикалык холдингдин башкармалыгынын төрагасы Айтмамат Назаров белгилегендей, Улуттук энергетикалык холдинг электр энергиясынын тарифтерин белгилебейт. Аталган маселе менен Отун-энергетикалык комплексин жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттик алектенет.

"Эмнеге инвестор ГЭСтерди курууга келбейт? Себеби, Кыргызстанда Борбор Азия боюнча электр энергиясына тарифтер арзан", - деди ал.

Анын айтымында, инвестор өзүнүн инвестициясынан пайда көргөн учурда келет.

"Кабар" МАБ

Пикир

Оставить комментарий