• 88.68
  • 95
  • 0.95

Кыргызстандын элчилиги Анкарада “Анадолу күндөрү” аттуу фестивалга катышууда

Маданият 0

Бишкек, 29.08.22. /Кабар/. Кыргызстандын Түркиядагы элчилиги Анкара шаарында 26-августтан 6-сентябрга чейин өтө турган “Анадолу күндөрү” аттуу эл аралык маданият жана искусство фестивалына катышууда. Бул тууралуу элчиликтен билдиришти.

Маалыматка ылайык, салттуу фестивалга катышуу үчүн элчилик Кыргызстандын байыркы тарыхын, бай маданиятын жана кооз жаратылышын чагылдырган сүрөттөр, "Манас" эпосунан фотокомпозициялар, элибиздин салттуу турмушун чагылдырган түрдүү буюмдар жана улуттук тамак-аштар коюлган көргөзмө павильонун ачты.

Ошондой эле Анкарада жашаган мекендештер жана жергиликтүү тургундардын катышуусунда маданий программа даярдалды.

2022-жылдын 27-августунда аталган иш-чаранын алкагында "Кыргызстан күндөрү" аттуу кече болуп өттү, анда өлкө тууралуу видеороликтер, "Манас" эпосунан үзүндү, комуз менен улуттук чыгармалар аткарылып, кыргыз улуттук бийи тартууланды.

Иш-чаранын башында расмий өкүлдөр менен фестивалдын коноктору "Кыргызстан" павильонуна барышты. Соңунда элчи Кубанычбек Өмүралиев менен Этимесгут муниципалитетинин башчысы Энвер Демирел кеченин конокторуна кайрылуу жасашты.

Иш-чарага Түркиянын борборунун тургундары жана коноктору, Түркия парламентинин жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын депутаттары, башка шаарлардын жетекчилери, дипломатиялык корпустун өкүлдөрү жана Түркияда жашаган Кыргызстандын жарандары менен жалпы 5 миңден ашык адам катышты.

Пикир

Оставить комментарий