• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстандын элчиси жана Кореянын эмгек жана ишке орноштуруу министри кызматташтыкты талкуулады

Коом 0

Бишкек, 10.07.23. /Кабар/. Сеул шаарында Кыргызстандын Кореядагы элчиси Аида Исмаилова Кореянын эмгек жана ишке орноштуруу министри Ли Чжон Сик менен жолугушту.

КР ТИМден билдиришкендей, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эмгек жана иш менен камсыз кылуу жаатындагы эки тараптуу мамилелерди бекемдөөгө жана өнүктүрүүгө байланыштуу бир катар маанилүү маселелерди талкуулашты.

Элчи Исмаилова эки өлкөнүн ортосундагы эмгек мамилелери жаатында Корея тарабынан көрсөтүлүп жаткан колдоо жана жардам үчүн ыраазычылык билдирди. Ишке орноштурууга көмөктөшүүгө жана эмгек ишмердигин жүргүзүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүүгө багытталган EPS системасынын (ишке орношууга уруксат берүү системасы) алкагында жетишилген оң натыйжаларды белгиледи.

Элчи Кыргызстандын жарандарын ишке орноштуруу боюнча иштерди активдештирүүнүн маанилүүлүгүн белгилеп, Кыргызстанга бөлүнгөн квоталарды толук пайдалануу үчүн эмгек келишимдерин көбөйтүү зарылдыгын билдирди. Исмаилова ошондой эле Е-7 визасы бар кыргызстандыктарды мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жана пенсиялык камсыздоо жөнүндө макулдашууну түзүү мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну сунуштады.

Өз кезегинде, Ли Чжон Сик Кыргызстандын ишке орношуу жаатындагы жетишкендиктерин тааныгандыгын жана бул жаатта эки өлкөнүн ортосундагы кызматташтыкты тереңдетүүнүн маанилүүлүгүн, ошондой эле кыргыз тараптын сунуштарын карап чыгууга даяр экендигин баса белгиледи.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар эки тараптуу мамилелерди бекемдөө жана эмгек жана иш менен камсыз кылуу жаатында конкреттүү натыйжаларга жетишүү үчүн биргелешкен аракеттерди улантууга даяр экендиктерин билдиришти.

Мындан сырткары, тараптар Кореянын эмгек жана иш менен камсыз кылуу министри Ли Чжон Сик мырзанын жакынкы арада Кыргызстанга иш сапарын даярдоо боюнча пикир алмашты.

Пикир

Оставить комментарий