• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Кыргызстандын футбол курамасы ФИФАнын рейтингинде 95-орунду сактап калды

Спорт 0

Бишкек, 07.10.22. /Кабар/. Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы ФИФАнын рейтингинде 95-орунду сактап калды. Бул тууралуу Кыргыз футбол бирикмесинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 6-октябрда ФИФА дүйнөдөгү футбол боюнча улуттук курама командалардын тизмесин жаңылады.

Кыргызстандын улуттук курама командасы 1 миң 230 упай менен 211 команданын ичинен 95-орунга жайгашты. Буга чейин да “Ак шумкарлар” 95-орунда келе жаткан.

Ал эми тизменин башында Бразилия, Бельгия, Аргентина, Франция жана Англиянын курамалары жайгашты.

Пикир

Оставить комментарий