• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстандын футбол курамасы Мьянма жана Монголия менен ойнойт – оюнчулардын тизмеси

Спорт 0

Бишкек, 26.09.19. /Кабар/. Дүйнө биринчилиги (2022) жана Азия Кубогуна (2023) тандоо турунун алкагындагы Мьянма жана Монголияга каршы беттеште Кыргызстандын футбол курамасынын катарында ойной турган оюнчулар белгилүү болду.

КР Футбол федерациясынан билдиришкендей, Кыргызстандын оюнчулары Мьянма менен 10-октябрда оюн өткөрөт. Андан кийин Улан-Батордо Монголиянын курамасы менен ойнойт.

Оюнчулардын тизмеси:

Дарбазачылар: Валерий Кашуба, Павел Матяш, Кутман Кадырбеков (баары – «Дордой»);

Коргоочулар: Валерий Кичин («Динамо-Минск», Беларус), Виктор Майер («Виденбрюк», Германия), Айзар Акматов, Азамат Байматов, Авазбек Откеев, Мустафа Юсупов (баары – «Дордой»), Тамирлан Козубаев («ПКНС», Малайзия);

Жарым коргоочулар: Одилжон Абдурахманов («Алай»), Алимардон Шукуров («Болуспор», Түркия), Ахлидин Исраилов (клубда эмес), Бахтияр Дүйшөбеков («Башундхара Кингз», Бангладеш), Эдгар Бернхардт («Кедах», Малайзия), Муролимжон Ахмедов, Фархат Мусабеков, Бекжан Сагынбаев, Кайрат Жыргалбек уулу (баары – «Дордой»), Турсунали Рустамов («Хужанд», Тажикстан), Гулжигит Алыкулов («Неман», Беларус);

Чабуулчулар: Виталий Люкс («Ульм 1846», Германия), Мирлан Мурзаев («Дордой»).

Пикир

Оставить комментарий