• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Айсулуу Тыныбекова баштаган бир катар кыз спортчулар Ысык-Көлдө машыгууларын өткөрүүдө

Спорт 0

Бишкек, 21.01.21. /Кабар/. Кыз-келиндер күрөшү боюнча улуттук курама команда Ысык-Көлдө окуу-машыгуу жыйын өткөрүүдө. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Азия чемпионатына жана эл аралык лицензиялык мелдештерге ийгиликтүү даярдануу максатында кыз-келиндер күрөшү боюнча улуттук курама командасынын мүчөлөрү Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында окуу-машыгуу жыйын өткөрүп жатышат.

Окуу-машыгуу жыйын 18-январда старт алып, 7-февралга чейин уланат.

Окуу-машыгуу жыйынга төмөнкү спортчулар тартылган:

1. Айсулуу Тыныбекова, салмак категориясы 62 кг,

2. Айпери Медет кызы, 76 кг,

3. Мээрим Жуманазарова, 68 кг,

4. Нураида Анаркулова, 57 кг,

5. Назира Марсбек кызы, 57 кг,

6. Сазанова Дильноза, 62 кг,

7. Калмира Билимбек кызы, 57 кг,

8. Бермет Нурдин кызы, 57 кг,

9. Жаркынай Нурланбек кызы, 59 кг,

10. Нурзат Нуртаева, 68 кг,

11. Сезим Жуманазарова, 59 кг,

12. Назик Мирлан кызы, 59 кг,

13. Айтолкун Медет кызы, 57 кг,

14. Назгүл Сарыбекова, 65 кг,

15. Танчолпон Кабылбекова, 59 кг,

16. Гүлнур Таштанова, 59 кг,

17. Бермет Сооданбекова, 56 кг,

Окуу-машыгуу жыйын Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясы тарабынан каржыланды.

Пикир

Оставить комментарий