• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Кыргызстандын ИДПсы быйыл жети айда 6,1 пайызга төмөндөдү

Экономика 0

Бишкек, 12.08.20. /Кабар/. Үстүбүздөгү жылдын январь-июль айлары аралыгында өлкөдөгү ички дүң продукциянын (ИДП) көлөмү өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 6,1 пайызга төмөндөдү. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитети билдирет.

Маалыматка ылайык, быйыл жети айда алдын ала маалымат боюнча, ИДПнын көлөмү 282 миллиард сомдү түзгөн.

«Кумтөр» кен казуу ишканаларын эсепке албаганда, 2020-жылдын январь-июлуна карата ИДПнын көлөмү 244 млрд сомду түзүп, 7,7 пайызга азайды.

2020-жылдын январь-июлуна карата өнөр-жай продукциясы 180 миллиард сомду түзүп, былтыркы жылдын ушул маалына караганда 0,9 пайызга азайды.

Негизинен күйүүчү май өндүрүүнүн (59 пайызга), кездеме жана кийим-кече, бут кийим, булгаары жана андан жасалган буюмдарды өндүрүүнүн (20 пайызга), жыгач жана кагаз өндүрүүнүн, полиграфия ишмердигинин (18,5 пайызга), резина жана желим буюмдарынын жана темир эмес буюмдарынун (16,5 пайызга), тамак-аш өндүрүүнүн (ичимдикти эске алганда) жана тамеки кездемелеринин (5,3 пайызга), ошондой эле баалуу металлдарды казуунун көлөмүнүн өндүрүмү (4,2 пайызга) азайгандыгы менен шартталды.

Курулуш тармагында төмөндөөлөр байкалат, анын көлөмү - 8,9 пайызга азайды, дүң жана чекене соода тармагы - 17,6 пайызга төмөндөсө, айыл чарбасында оң тенденциялар байкалды, анда өндүрүүнүн көлөмү 1,8 пайызга өстү.

2020-жылдын январь-июль айларында (өткөн жылдын декабрына салыштырмалуу) жалпы республика боюнча керектөө баалары жана тарифтер 2,5 пайызга өстү, бул тамак-аш азыктарынын жана алкоголсуз суусундуктардын (4,9 пайыз), алкоголдук ичимдиктердин жана тамекинин (5,5 пайызга) бааларынын өсүшү менен шартталды. Ушул эле учурда, өткөн жылдын декабрь айына салыштырмалуу июнь айында азык-түлүк эмес товарлардын баалары 0,8 пайызга төмөндөдү, ал эми кызмат көрсөтүүлөрдүн баасы 2019-жылдын декабрь айында калыбында сакталды.

Керектөө бааларынын жана тарифтердин жогорулаганы Талас облусунда байкалды (5,4 пайыз). Бул башка региондорго салыштырмалуу, баалардын тамак-аш продуктуларына жана алкоголсуз суусундуктарга (11,9 пайызга) көбүрөөк жогорулаганы менен шартталды.

Пикир

Оставить комментарий