• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Индиянын бизнес чөйрөсүнө Кыргызстандын инвестициялык мүмкүнчүлүгү тууралуу маалымат берилди

Саясат 0

Бишкек, 28.07.21. /Кабар/. Кечээ, 27-июлда Кыргызстандын атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Асеин Исаев Индиянын Экономикалык соода уюму (IETO) тарабынан уюштурулган "ЕАЭБ - Латын Америкасы жана Кариб деңизи: трансконтиненталдык өнөктөштүк" форумунда сөз сүйлөдү. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Иш-чарага IETOнун, Индиянын Маданий дипломатия борборунун жетекчилиги, дипломатиялык корпустун, илимий жана бизнес чөйрөсүнүн өкүлдөрү жана башкалар катышты.

Өз сөзүндө А.Исаев ЕАЭБ жана Кыргыз Республикасынын ЕАЭБге катышуусу жөнүндө кыскача маалымат берип, ЕАЭБ менен Индиянын ортосунда эркин соода аймагын түзүү жөнүндө макулдашуу долбоорун тез арада макулдашуунун маанилүүлүгүн белгиледи.

Форумдун жүрүшүндө Кыргызстан менен Индиянын ортосундагы соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташуунун мүмкүнчүлүктөрү жана келечеги жөнүндө кылдат пикир алмашуу болду.

Иш-чаранын катышуучуларына Кыргыз Республикасынын инвестициялык, туризм, соода-экономикалык мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө тиешелүү маалыматтар берилди. Эки тараптуу кыргыз-индия иш-чараларын өткөрүү боюнча бир катар келишимдерге жетишилип, ошондой эле Кыргызстанда конкреттүү долбоорлорду жүзөгө ашыруу мүмкүнчүлүктөрү каралды, буга байланыштуу Индиянын бизнес чөйрөсүнүн өкүлдөрү Кыргыз Республикасына келүү ниетин билдиришти.

Мындан тышкары, форумдун алкагында Индия менен ЕАЭБдин ортосунда Соода кеңешин түзүү тууралуу келишимдерге жетишилди.

Пикир

Оставить комментарий