• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Эрлан Абдылдаев: “Биз Япониядан сапаттуу жана алдыңкы технологияларды тартууга кызыктарбыз”

Саясат 0

Бишкек, 30-март /Кабар/. Кыргызстандын Тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев Япониянын жер, инфраструктура, транспорт жана туризм министри (ЖИТТМ) Кейичи Ишии менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздү. Бул тууралуу КР Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

КР ТИМ башчысы КР менен Япониянын ортосундагы экономикалык кызматташтык активдүү жүрүп жатканы, андан тышкары япониялык корпорацияларды Кыргызстандагы долбоорлорго тартууда колдоо көрсөткөнү үчүн япон кесиптешине ыраазычылык билдирди. Тараптар 2016-жылы октябрда Бишкекте япониянын 18 ири компаниясынын катышуусу менен сапаттуу инфраструктура боюнча Япониянын ЖИТТМ башчысынын катышуусунда биринчи кыргыз-япон форумунун өткөнүн канааттануу менен белгилешти.

Э.Абдалдаев акыркы жылдары КРнын экономикасынын динамикалуу өнүгүп жатканын, ага өлкөнүн жаңы саясий өңүткө өткөндүгү түздөн-түз таасир эткенин белгиледи. Ал ошондой эле, Кыргызстанда парламенттик демократия Япония сыяктуу ийгиликтүү өнүгүп жатканын баса белгиледи. “Акыркы жылдарда КРнын экономикасынын түрдүү тармагында көптөгөн инфраструктуралык долбоорлор ишке ашырылганын канааттануу менен айткым келет. Биз Япониядан сапаттуу жана алдыңкы технологияларды тартууга кызыктарбыз”,-деди ал.

Япониянын жер, инфраструктура, транспорт жана туризм министри К.Ишии экономикалык кызматташтыкты жакшыртуунун маанилүүлүгүн белгилеп, 2017-жылы күзгө карата Японияда экинчи кыргыз-япон форумун өткөрүү планы тууралуу билдирди.

Ушуга байланыштуу тараптар 2017-жылы апрелдин экинчи жарымында тиешелүү министрлик жана ведомстволордо инфраструктуралык долбоорлор боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү үчүн япония компаниялары менен биргеликте Япониянын жер, инфраструктура, транспорт жана туризм министрлигинин делегациясынын Кыргызстанга иш сапарын уюштуруунун маанилүүлүгүн белгилешти.

ТИМ башчысы КРнын Евразия экономикалык биримдигине мүчөлүгүн жана Европа биримдигинин ВСП+ макамын колдонуу менен продукция жана товарларды бирге өндүрүү боюнча эки өлкөнүн ортосундагы кызматташтык келечектүү экенин айтып, кыргыз тараптын япон компанияларынын Кыргызстандын рыногуна кирүүсүнө колдоо көрсөтүүгө даяр экенин билдирди.

Жыйынтыгында Э.Абдылдаев КРнын Президентинин атынан Япониянын ЖИТТМ башчысы К.Ишиини Кыргызстанга иш сапары менен келүүгө чакырды.


Пикир

Оставить комментарий