• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстандын коргоо министринин Азербайжанга болгон иш сапары жыйынтыкталды

Коом 0

Бишкек, 10.07.23. /Кабар/. 2023-жылдын 6-8-июль күндөрү Кыргызстандын коргоо министри Бактыбек Бекболотов Азербайжанда иш сапары менен болду.

Коргоо министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришкендей, иш сапардын жүрүшүндө эки мамлекеттин коргоо ведомстволорунун башчылары эки тараптуу аскердик жана аскердик-техникалык кызматташуунун абалын жана келечегин талкуулап, аскердик билим берүүдө мамлекет арасындагы өнөктөштүктү өнүктүрүү жаатындагы маселелер каралды.

Иш сапардын алкагында Кыргыз Республикасынын аскердик делегациясы Азербайжан Республикасынын министрлер кабинетинин өкүлдөрү, премьер-министрдин биринчи орун басары Ягуб Эюбов жана коргоо өндүрүшүнүн министри Мадат Гулиев менен жолугушуп, келечектеги коргоо өндүрүшү жаатындагы кызматташуу маселелери талкууланды.

Иш сапардын программасына ылайык, делегация коргоо өндүрүш мекемесинин ишмердүүлүгү менен таанышып, ошондой эле Гейдар Алиев атындагы Аскер институтунда окуп жаткан Кыргызстандын курсанттары менен жолугушту.

Пикир

Оставить комментарий