• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстандын курамасы ноябрда Сингапур жана Бахрейн командалары менен оюн өткөрөт

Спорт 0

Бишкек, 03.11.21. /Кабар/. Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасы ноябрда Сингапур жана Бахрейндин командасы менен жолдоштук беттеш өткөрөт. Бул тууралуу Кыргыз футбол бирикмесинен билдиришти.

Александр Крестининдин жетекчилигиндеги улуттук курама команда ноябрь күндөрү эки расмий жолдоштук беттешин өткөрөт. Биринчи атаандашы Сингапурдун курама командасы болот.

Улуттук курама командалардын беттеши 11-ноябрда Шарджа шаарындагы "Аль-Хамрия" стадионунда өтөт.

Бахрейн курамасына каршы беттеш 16-ноябрда Манама шаарында өтөт.

Кыргызстандык футболчулар 2-ноябрда Дубайда машыгуу жыйынын баштады. Бул окуу-машыгуу жана жолдоштук беттештер 2023-жылкы Азия кубогуна тандоо оюндарына даярдык катары өткөрүлүүдө.

Эскерте кетсек, 2023-жылкы Азия кубогунун квалификациясынын финалдык туру үй-конок форматынан борборлоштурулган форматта өтө турган бир айлампалуу турнирге өзгөртүлгөн. 2023-жылы өтүүчү Азия кубогунун тандоо турунун тайпалык этабынын оюндары 2022-жылдын 8, 11 жана 14-июнь күндөрү өтөт.

Чучукулак өткөрүү күнүн Азия футбол конфедерациясы кийинчерээк жарыялайт.

Пикир

Оставить комментарий