• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстандын Малайзиядагы элчилигинде көз карандысыздыктын 29 жылдыгына арналган иш-чара өттү

Коом 0

Бишкек, 02.09.20. /Кабар/. 31-август күнү Кыргызстандын Малайзиядагы элчилигинде кыргыз диаспорасынын катышуусу менен Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 29 жылдыгына арналган иш-чара болуп өттү. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

Иш-чаранын жүрүшүндө элчиликтин кызматкерлери мекендештерди жана конокторду Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүк күнү менен куттукташкан.

Иш-чарада Кыргызстандын элчиси А.Бекназаров 1991-жылы "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик көз карандысыздыгы жөнүндө Декларациясы" кабыл алынган учурдагы тарыхый окуялар жөнүндө айтып берген. Ошондой эле, кыргызстандык жарандар үчүн Кыргызстандын тарыхы, кооз жерлери боюнча сынактар өткөрүлгөн.

Адан тышкары, Кыргызстандын жарандарына консулдук маселелер боюнча менен кеңештер берилип, жашап жаткан мамлекеттин мыйзамдарын жана миграциялык режимин сактоо керектиги айтылган.

Пикир

Оставить комментарий