• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстандын медициналык ЖОЖдорун Пакистандын “кара тизмесинен” чыгаруу талкууланды

Саясат 0

Бишкек, 25.08.21. /Кабар/. 2021-жылдын 24-августунда Кыргызстандын Пакистандагы элчиси Уланбек Тотуяев Пакистандын Тышкы иштер министрлигинин Борбордук Азия өлкөлөрү жана Экономикалык кызматташтык уюму (ЭКУ) департаментинин башкы директору Акса Наваз менен жолугушту. Бул тууралуу КР ТИМинин басма сөз кызматы билдирет.

Жолугушуунун жүрүшүндө эки тараптуу мамилелердин актуалдуу маселелери талкууланды, анын ичинде соода-экономикалык жана илимий-техникалык кызматташтык боюнча кыргыз-пакистан өкмөттөр аралык комиссиянын кезектеги жыйынын өткөрүү, андан тышкары КРнын медициналык жогорку окуу жайларын Пакистан медициналык комиссиясынын "кара тизмесинен" чыгаруу, ошондой эле эки өлкөнүн мамлекеттик органдарынын ортосунда иш сапарлары менен алмашуу маселелери талкууланды.

Элчиси У.Тотуяев Кыргызстандагы ички саясий кырдаалдын турукташуусу, өлкөнүн экономикалык жана инвестициялык потенциалы, ошондой эле өлкөлөр ортосундагы үзгүлтүксүз аба каттамдарынын кайра жандануусуна кызыгуу тууралуу маалымат берди.

Өз кезегинде, Акса Наваз эки өлкөнүн мамилелерин тереңдетүүгө жана активдештирүүгө даяр экенин ырастап, биргелешкен жол жана логистикалык долбоорлорду илгерилетүү боюнча аракеттерди бириктирүү зарылдыгын баса белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий