• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстан менен Чехия аскердик өз ара аракеттенүүнү чыңдоого даяр

Саясат 0

Бишкек, 06.12.23. /Кабар/. Күн мурун коргоо министри Бактыбек Бекболотов Чехиянын Кыргызстандагы жаңы дайындалган элчиси Павол Шепеляк менен жолукту. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жолугушуунун алкагында эки өлкөнүн аскер ведомстволорунун ортосундагы учурдагы жана келечектүү эл аралык аскердик кызматташуусу боюнча пикир алмашуу болду.

Ошол эле учурда тараптар эки тараптуу аскердик байланыштарды кеңейтүү жана бекемдөө боюнча биргелешкен иштин маанилүүлүгүн белгилеп, мындан ары аскердик өз ара аракеттешүүнү чыңдоого даярдыгын билдиришти.

Пикир

Оставить комментарий