• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстандык боксчулар Дүйнө чемпионатынан кайтып келди

Спорт 0

Бишкек, 05.12.23./Кабар/. Бүгүн Кыргызстандын бокс боюнча жаштар курама командасы Армениянын Ереван шаарында өткөн Дүйнө чемпионатынан кайтып келди.

Спортчуларды “Ынтымак” олимпиадалык резервдеги адистештирилген балдар-өспүрүмдөр мектебинин директорунун орун басары Бектур Кокоев, бокс федерациясынын вице-президенти Нурсултан Мойдунов жана спортчулардын жакындары тосуп алышты.

Белгилей кетсек, бокс боюнча жаштар курама командасы Еревандагы Дүйнө чемпионатында 2 медаль жеңди — бир алтын жана бир коло.

52 кг чейинки салмакта Амантур Жумаев алтын медалга ээ болсо, 57 кг чейинки салмак категориясында Дилербек Садиров коло медаль тагынган.

Эскерте кетсек, бокс боюнча жаштар арасында Дүйнө чемпиону болгон Амантур Жумаев 6-декабрда Бишкек шаарына учуп келет.

Пикир

Оставить комментарий